Ошто алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын жыйыны өттү
Ош мэриясы
19 июнь

Ошто алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын жыйыны өттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев бүгүн, 19-июнда 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жыйында Э. Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын берди.

Маалыматка ылайык, жылуулук тармагында буу казандарын, отканаларды жана жылуулук түйүндөрүн даярдоо, мазут, көмүр жана жаратылыш газын сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле электр тармагындагы трансформаторлорду жана аба чубалгыларын оңдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин жылытуу мезгилине толук даярдоо, ошондой эле шаар тургундарын көмүр отуну менен камсыздоо боюнча тиешелүү иштер пландын негизинде аткарылууда.

Жыйындын соңунда күз-кыш мезгилин туруктуу жана үзгүлтүксүз өткөрүү максатында бардык жооптуу мекеме-ишканалардын өз ара координациясын күчөтүү жана даярдык иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.