Ошто кафеде акча төлөөдөн баш тарткан эки бала администратордун колун сындырган
Ош облустук милициясы Өзгөн районунда болгон бейбаштык боюнча үн катты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 22-июлунда Өзгөн райондук милициясына кабар түшкөн. Анда Дөн-Булак айылындагы Пиво заводдун жанындагы дукөндө мас абалда балдар урушуп жаткандыгын кабар беришкен.
Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталып,алгачкы текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026 жылдын 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Өзгөн районунун Дөн-Булак айыл аймагында жайгашкан Пиво Заводтун жанындагы кафелердин биринде эс алып отурган эки жаран спирт ичимдиктерин ичип отүрушкан. Жыйынтыгында акчасын төлөөдөн баш тартып уруш чыгарып, эс алуу жайынын администратору 1984-жылы туулган А.Кны уруп, денесине залал келтирген.
Жабырлануучунун арызы алынып, анын денесинен алган жараатын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Учурда Өзгөн РИИБ тарабынан окуяга катыштыгы бар делген жарандардын учурда өздүгү аныкталды.
Кошумча маалымат берилет.
