Саламаттык сактоо министрлиги
8 сентябрь
Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди. Алардын экөө эркек, бирөө кыз.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, наристелер бүгүн, 8-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кесарево жолу менен төрөлгөн.
Ырымкайлардын салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түзөт.
Министрликтен эне жана ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.
