Бажы кызматы жарандарды коррупция фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат
Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча иштерди улантып, ачык-айкындуулукка жана жарандар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Түндүк-чыгыш бажысынын «Кант» БТЖсында бажы кызматкерлери кызматтык жана коомдук жайларга коррупцияга каршы багыттагы маалыматтык материалдарды жайгаштырышты. Анда ишеним телефондору жана жарандардын кайрылуусу үчүн башка байланыш каналдары көрсөтүлгөн.
Эгерде сиз МБКнын кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө туш болсоңуз же мындай фактыларга күбө болсоңуз, төмөнкү байланыштар аркылуу билдирсеңиз болот:
Иш убактысында (09:00–18:00):
- +996 312 51 24 67 (дем алыш күндөрүнөн тышкары)
күнү-түнү:
- +996 777 77 71 60
Электрондук почта:
- doverie@customs.gov.kg
Кайрылуулардын купуялуулугу кепилденет.
МБК жарандарды кайдыгер карабоого чакырат. Ар бир билдирүү коррупциялык көрүнүштөрдү өз убагында аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле бажы органдарынын ишинде мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
