Бишкектин жолдору 200-250 миң автоунаага ылайыкталган, каттоодо 500 миңден ашык унаа бар
сүрөт: depositphotos.com
2 октябрь

Бишкектин жолдору 200-250 миң автоунаага ылайыкталган, каттоодо 500 миңден ашык унаа бар

Бишкек шаарында 500 миңден ашык автоунаа катталган. Ал эми шаардык жол инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 200-250 миң автоунаага эсептелген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин бөлүм башчысы Сталбек Токоев билдирди.

Мындан тышкары, күн сайын аймактардан Бишкекке орточо 150-200 миң автоунаа кирип-чыгат.

Токоевдин айтымында, борбор калаадагы унаа агымы жергиликтүү автопарк менен гана чектелбейт. Кошумча жүктү күн сайын Бишкекке иштөө, окуу, кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу жана башка иштер менен келген жарандардын автоунаалары түзөт.

«Учурда шаардык жол инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 200-250 миң автоунаага эсептелген. Автопарктын көбөйүшү жолдордогу жүктү арттырып, анын натыйжасында унаа тыгындары күчөп жатат», - деди ал.

Мэриянын өкүлү транспорт маселесин чечүү үчүн жолдорду гана кеңейтүү жетишсиз экенин белгиледи. Ошондой эле көпүрөлөрдү жана транспорттук өтмөктөрдү куруу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жол кыймылын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү зарыл.