Россияда 1-апрелден баштап айрым автоунаа ээлери үчүн ОСАГО кымбаттайт
30 март

Россияда 1-апрелден баштап айрым автоунаа ээлери үчүн ОСАГО кымбаттайт

1-апрелден тартып Россияда автоунаа ээлери үчүн ОСАГО полисинин баасына түздөн-түз таасир эткен бонус-малус коэффициенти (КБМ) автоматтык түрдө кайра эсептелет. Бул тууралуу Россиянын автоунаа камсыздандыруучулар союзу билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, жол кырсыгына кабылбаган айдоочулар үчүн камсыздандыруу баасы төмөндөйт, ал эми жол кырсыгына күнөөлүү болгон айдоочулар үчүн тескерисинче жогорулайт. Коэффициент жыл сайын 1-апрелде жаңыртылып, бир жыл бою күчүндө болот.

КБМди кайра эсептөө Россия Федерациясынын Борбордук банкынын ОСАГО боюнча камсыздандыруу тарифтери тууралуу көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Жаңыртуудан кийин тартиптүү айдоочулар үчүн коэффициент төмөндөп, жол кырсыктарына көп кабылган айдоочулар үчүн жогорулайт.

КБМдин минималдуу көрсөткүчү 0,46ны түзөт, ал эми максималдуу мааниси 3,92ге чейин жетиши мүмкүн, бул полистин баасын кыйла жогорулатат. ОСАГОну биринчи жолу каттатып жаткан айдоочулар үчүн коэффициент 1,17 деңгээлинде белгиленет.

Ошондой эле, автоунааны башкарууга чектөөсүз адамдарга уруксат берилген учурда да ушул эле коэффициент колдонулат. Эгерде полисте белгилүү айдоочулар көрсөтүлсө, анда коэффициент ар бирине өзүнчө эсептелет, бирок камсыздандыруу акысын эсептөөдө алардын ичинен эң жогорку КБМ көрсөткүчү колдонулат.