Кыргызстанда жазгы-талаа иштери кызуу жүрүүдө, учурда 196,3 миң гектар жер айдалды
www
30 март

Кыргызстанда жазгы-талаа иштери кызуу жүрүүдө, учурда 196,3 миң гектар жер айдалды

Кыргызстан боюнча жазгы жер айдоо иштеринин жалпы планы 1250 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп экенин белгилей кетүү керек.

Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,5 пайызын (24,5 миң га) бүтүрдү. Чүй облусунда 107,0 миң гектар жер айдалып (25,8%), Ош облусунда 43,8 миң гектар (24,2%) жумуш аткарылды. Жалал-Абад облусунда план 11 пайызга, Ысык-Көл облусунда 1,5 пайызга жана Талас облусунда 0,3 пайызга аткарылса, Нарын облусунда айдоо иштери али баштала элек.

Жаздык дан өсүмдүктөрүн себүү боюнча республикалык план 519,3 миң гектар болсо, учурда 115,6 миң гектар жерге себилди (22,3%). Анын ичинен буудай 34,6 миң гектар аянтка себилип, план 34,9 пайызга жетти. Арпа себүү иши 246,7 миң гектар пландын ичинен 80,5 миң гектарда аткарылып, 32,6 пайызды түздү. Жүгөрү себүү боюнча иштер республика боюнча али баштала элек.

Башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө токтолсок, картошка себүү планы 66,4 миң гектар болсо, бүгүнкү күндө 2,7 миң гектарга (4,1%) себилди. Жашылча өсүмдүктөрү 0,1 миң гектар жерге, ал эми күрүч 0,005 миң гектарга себилген. Кант кызылчасы боюнча иштер негизинен Чүй облусунда жүрүп жатат, республикалык план 14,5 миң гектар болсо, учурда 0,4 миң гектар жерге (2,76%) себүү иштери жүргүзүлдү.