КТРКнын кызматкерлери бир нече миллион долларлык уурдоого шектелүүдө
КТРКнын кызматкерлери бир нече миллион долларлык уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарга таянып Kaktus.media сайты жазды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Сөз Париждеги Олимпиада оюндарын жана Евро-2024 оюндарын көрсөтүү учурундагы жарнамадан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген гранттардан түшкөн 200 миллион сом жөнүндө болуп жатат. Ири турнирлер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, атап айтканда, автоунааларды сатып ала башташкан.
