17 млн сомдук зыян келтирген деп айыпталган Кара-Балтанын мурдагы мэри үй камагына чыгарылды
30 март

17 млн сомдук зыян келтирген деп айыпталган Кара-Балтанын мурдагы мэри үй камагына чыгарылды

Жайыл райондук соту 5-мартта Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Мирлан Жекшеновго жана кылмыш ишинин башка фигуранттарына карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу 30-мартта Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, бардык айыпталуучулар үй камагына чыгарылды. Ошол эле учурда кылмыш ишин кароо райондук сотто уланууда.

Буга чейин, 2025-жылдын 30-июнунда аталган адамдар кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, шектүүлөр материалдык пайда табуу максатында Кытайда чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алууга тиешеси болушу мүмкүн.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө аудиттин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 17 миллион сомдон ашканы белгиленген.

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри кызматын 2024-жылдын апрель айынан бери аркалап келген.