Февраль айында эркектердин ден соолугун чыңдоого багытталган «Жооптуу бол!» бир айлыгы башталат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун аныктоого багытталган «Жооптуу бол!» аталышындагы республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт.
Кампаниянын алкагында эркектерге жашаган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына (Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы дарыгерлик практика борборлору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар) кайрылып, алдын алуучу медициналык консультациялардан өтүү сунушталат.
Өткөн жылдагы кампания жогорку жыйынтыктарды көрсөттү: өлкө боюнча 973 000ден ашык эркек жугуштуу эмес ооруларга профилактикалык скринингден өттү. Алардын ичинен 119 600дөн ашык эркекте (12%) артериялык кан басымдын жогорулашы аныкталган. Мындан тышкары, 49 600 эркек (5%) жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде, ал эми болжол менен 60 800 эркек (6%) кант диабетинин жогорку тобокелдигинде болгон.
2025-жылы 15 388 адам биринчи жолу аныкталган артериялык гипертензия менен жана 7 364 – кант диабети диагнозу менен каттоого алынган. Ошондой эле 2025-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстандын калкынын арасында 16 644 өлүмдүн себеби болгон.
Бир айлыгы алгач 2019-жылы Швейцария тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги астында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) — бул жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулар. Алардын негизги алдын ала турган тобокелдик факторлоруна туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, алкоголду ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү кирет.
Долбоор өлкө боюнча жүргүзүлөт.
