Кыргызстанда мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды
18 февраль

Кыргызстанда мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды

Кыргызстанда эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында, республиканын бардык аймагында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхонококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат.

Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Себеби бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү.

Эскерте кетсек, мал-жандыкты эмдөө жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы сатылып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибир жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).

Белгилесек, мына ушул зооноздук ооруларда алдын алуу максатында, Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктары тарабынан мектеп окуучуларына атайын ачык сабактар уюштурулуп, эл арасында окутуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.