Нью-Йоркто Кыргызстан менен Бахрейн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды
27 май

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Бахрейн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды

Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын  тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы саясий диалогду мындан ары чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери белгиленди.

Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык бир катар маселелер боюнча пикир алмашып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар учурдагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жана аймактагы туруктуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектештер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары илгерилетүү максатында ар түрдүү деңгээлдердеги байланыштарды улантууну макулдашты.