Аскар Акаев президент Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү керектигин айтты
19 июнь

Аскар Акаев президент Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү керектигин айтты

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөдө экономикалык реформаларды улантуу зарылдыгын белгилеп, азыркы президент Садыр Жапаровго «кыргыз экономикалык кереметин» ишке ашыруу үчүн кошумча мөөнөт берүү керек деген пикирин билдирди.

Акаев бул оюн эл аралык Ысык-Көл форумунда айтты.

«Мен эмгекчил кыргыз эли жакынкы он жылдыкта жаңы, эми экономикалык кереметти жарата аларына ишенем. Элибиз Садыр Жапаровду өлкө экономикасы терең токтоп калган, ал эми коомдук-саясий чыңалуу эң жогорку чекке жеткен оор мезгилде президент кылып шайлаган», — деди ал.

Акаевдин айтымында, учурда Кыргызстандын экономикасы өсүү жолуна түшүп, социалдык тармакта да оң өзгөрүүлөр байкалууда.

«Бирок алардын жыйынтыгы көп учурда 3–5 жылдан кийин гана толук сезилет. Адегенде экономикалык өсүш болушу керек, андан кийин гана адамдар анын жемишин көрө баштайт. Экономиканын мыйзамдары ушундай», — деп белгиледи мурдагы мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле гидроэнергетиканын, кайра жаралуучу энергия булактарынын өнүгүшүн, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун жана аймактын эл аралык соодадагы маанилүү ролун кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

«Менин оюмча, кыргыз эли ар дайымкыдай акылмандык менен чечим кабыл алып, учурдагы президент Садыр Жапаровго кыргыз экономикалык кереметин ишке ашыруу боюнча пландарды практикалык жактан жүзөгө ашыруу үчүн кошумча мандат берет. Баарыңыздар жакшы билесиздер, экономикалык керемет үчүн кеминде 8–10 жыл талап кылынат», — деди Акаев.