Кардиолог: канттын жана холестериндин анализин поликлиникалардан акысыз тапшырса болот
сүрөт: depositphotos.com
2 октябрь

Кардиолог: канттын жана холестериндин анализин поликлиникалардан акысыз тапшырса болот

Кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин аныктап, ошондой эле боор менен бөйрөктүн иштешин акысыз текшерүүдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Асель Окунова «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жөнөкөй текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунуч факторлорун оор кесепеттер жарала электе аныктоого мүмкүндүк берет.

Кардиолог дене салмагын, кан басымды, кандагы канттын деңгээлин жана липиддик спектрди көзөмөлдөөнү сунуштады.

Окунова белгилегендей, кардиолог үчүн жалпы холестериндин бир гана көрсөткүчү жетиштүү маалымат бербейт. Андыктан холестериндин ар кандай фракцияларынын катышын аныктаган липиддик спектрди текшерүү зарыл.

Ошондой эле адис жалпы кан анализин тапшыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анткени, атап айтканда, гемоглобиндин төмөндөшү органдардын кычкылтек менен камсыз болушуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.