Ошто облус башчsнын жолугушуусунда тартип бузган жаран 30 саат коомдук жумушка тартылды
Ошто облус башчысынын жолугушуусунда тартип бузган жаран 30 саат коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 5-июнунда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу учурунда ушул эле айыл аймактын тургуну 1966-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран коомдук тартипти бузган. Ал бир нече эскертүүгө карабай, жарандарга тоскоол жараткан үчүн жыйындар залынан чыгарылган.
Чогултулган материалдын негизинде Кара-Суу райондук соту аталган жаранды КР Укук чуу бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөлүү деп таап, 30 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды.
Ал алкоголдук мас абалда экендиги аныкталган.
