ЖККУнун 2026-жылдагы машыгууларына 5 миңден ашуун аскер кызматкери тартылат
2026-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) биргелешкен аскердик машыгууларына 5 миңден ашуун аскер кызматкери жана курал-жарак, аскердик жана атайын техниканын 1 миңден ашык бирдиги тартылат. Бул тууралуу ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков билдирди.
Анын айтымында, быйыл негизги көңүл жамааттык коопсуздуктун Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарына бурулат.
Сентябрь айынын экинчи он күндүгүндө Казакстандын «Коктал» полигонунда Борбор Азия аймагындагы Жамааттык тез жайылтуу күчтөрү менен «Рубеж-2026» машыгуусу өтөт. Аскер кызматкерлери тоолуу-чөлдүү аймактагы аракеттерди, ошондой эле чек ара бөлүктөрү жана Казакстандын Улуттук гвардиясы менен өз ара аракеттенүүнү машыгышат.
Сентябрь айынын аягында Россиянын Борбордук аскер округунун полигонунда «Взаимодействие-2026» командалык-штабдык машыгуусу өткөрүлөт. Ага чейин чалгындоо бөлүктөрүнүн «Поиск-2026» жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрүнүн «Эшелон-2026» атайын машыгуулары өтөт.
Октябрь айында Беларусьте ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн «Нерушимое братство-2026» машыгуусу болот. Ага авиация, инженердик бөлүктөр, учкучсуз учуучу аппараттар, дарыгерлер жана куткаруучулар тартылат.
Ошол эле учурда радиациялык, химиялык жана биологиялык коркунучтардан коргонууга арналган «Барьер-2026» машыгуусу өткөрүлөт. Биринчи жолу С. М. Киров атындагы Аскер-медициналык академиясы менен аралыктан телемедициналык консультацияларды колдонуу пландалууда.
Маневрлердин жүрүшүндө учкучсуз жана роботтоштурулган системалар, радиоэлектрондук күрөш жана абадан коргонуу каражаттары да көрсөтүлөт.
Улуттук контингенттерди которуу аскердик-транспорттук авиация, темир жол жана автомобиль транспорту аркылуу жүргүзүлөт.
ЖККУда бул машыгуулар пландуу мүнөздө экенин жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын белгилешти. Алардын максаты — башкаруу органдары менен аскерлердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана жамааттык күчтөрдүн даярдыгын камсыз кылуу.
