Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды
Сүрөт ачык булактардан алынды
8 сентябрь

Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды

Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү толугу менен санариптештирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгы каралган жыйында билдирди. 

Буга чейин лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылып, документтерди кагаз түрүндө тапшыруу талап кылынчу. Айрыкча бул аймактардагы ишкерлер үчүн татаалдык жаратчу, анткени алар Бишкекке бир нече жолу келишүүгө аргасыз болушчу.

Мындан тышкары, процесс кошумча документтерди жана маалымкаттарды чогултууну да карайт эле.Аткарылган иштин натыйжасында лицензиялоо процесси санариптик форматта жүргүзүлө баштады. Эми Кыргызстандын каалаган аймагындагы ишкерлер онлайн арыз, зарыл документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызын кароонун жүрүшүн Саламаттык сактоо министрлигине барбастан эле көзөмөлдөй алышат.

Бул үчүн «Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, өнөр жайдык пайдаланууга берилди. 

Реформанын негизги жыйынтыктарынын бири – лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды. Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк жаатында болжол менен 450 лицензия жана ага тиркемелер, ал эми фармацевтикалык жаатта – болжол менен 900 лицензия берилет.