Оштун мэри үч үй-бүлөнүн үч эм балдарынын эки бөлмөлүү батир белек кылды
30 июль

Оштун мэри үч үй-бүлөнүн үч эм балдарынын эки бөлмөлүү батир белек кылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы үч үй-бүлөнүн үч эм балдарынын барына эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Алар Сатыбалдиев Саматбектин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм наристелери Асылай, Ариет, Азиретке

Дагы бир үй-бүлө Кудайкулов Рустамбектин үч эм балдары Сабина, Самира, Мединага

Ошондой эле Маматов Медербектин үй-бүлөсүндөгү үч эм Рабия, Разия, Рафияга эки бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды.