Бишкекте психотроптук заттар жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду
22 апрель

Бишкекте психотроптук заттар жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду

  • Шаардык милиция тарабынан баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы активдүү иштер улантылууда.

  • Тактап айтканда, Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан белгисиз жаран Кытай Эл Республикасынан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз ташып келип, аларды интернет-дүкөн аркылуу сатуу, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн колдонуп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

  • Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

  • Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө 1990-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалып, аны жеке тинтүүдө жана кармалган жерди кароодо синтетикалык баңгизаттарды даярдоодо колдонулуучу прекурсорлор — туз кислотасы жана метилпропиофенон табылып, алынган. Жалпы салмагы 69,9 кг түзгөн.

  • Учурда бул иш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, мүмкүн болгон шериктештерди жана сатуу каналдарын аныктоо иштери улантылууда.