Ысык-Көлдө ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүүдө
19 июнь

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүүдө

Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүүдө.

Иш-чарага ШКУга мүчө 6 мамлекеттен жалпы 100гө жакын өкүл, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Олег Копылов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Өз сөздөрүндө алар ааламдашуу шартында маалыматтык мейкиндиктин ролу улам өсүп жатканын белгилеп, ШКУ алкагындагы медиа кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары маалыматтык кызматташтыкты чыңдоо, медиа тармагындагы тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана мамлекеттер аралык кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту.

Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда медиа тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндө өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле санариптик трансформация шартында бирдиктүү кесиптик диалог аянтчасын түзүү болуп саналат.