Кыргызстанда өткөн аптада ар бир мүнөттө үчтөн жол кырсыгы катталган
Кыргызстанда 23нөн 29-мартка чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 31 миң 399 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 3 549;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 631;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 225;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 365;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 287;
- Авто ээнбаштык – 43;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 519;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 092;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 679 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
