Ош мэриясы
8 сентябрь
Ош шаарында жаңы эс алуу жайы курулууда
Ош шаарындагы Т. Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу жайын куруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Мэриядан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө белгиленген иштер этап-этабы менен аткарылып, аймактын көркү улам жаңыланууда.
Учурда эс алуу жайынын аймагына таман таштарды төшөө иштери дээрлик аяктап, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар курулуп бүтүп, каналдын жээги бекемделген.
Ошондой эле аймакта балдар үчүн оюн, воркаут аянтчалары, отургучтар жана башка керектүү жабдуулар орнотулат.
Учурда курулуш иштеринин кийинки этабына өтүү менен аймакты иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштери улантылууда.
