Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин IV-жолугушуусу болуп өттү
18 июль

Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин IV-жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин IV-жолугушуусу болуп өттү.

Бул иш-чара түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын чыңдоого, кадрдык саясатты өнүктүрүүгө жана адам ресурстарын башкаруу жаатында биргелешкен аракеттерди координациялоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча катары белгиленди.

Жолугушууга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Өмүралиев Кубанычбек Касымович катышып, бул жолугушуунун түрк дүйнөсүнүн адам капиталын өнүктүрүүдөгү ролу жана келечеги тууралуу өзүнүн ойлору менен бөлүштү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев төрагалык кылып, расмий ачылыш аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө:

"Адам капиталы – бул кайсы бир улуттун гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн негизи. Бул ресурсту туура башкаруу, татыктуу өнүктүрүү – биздин келечегибиздин сапатын аныктайт. Түрк Мамлекеттер Уюму – бул биздин маданий, тилдик жана тарыхый байланышыбызга негизделген ынтымактын үлгүсү. Түрк дүйнөсүнүн тамыры тереңде, ал эми келечеги кең. Биздин кызматташтыгыбыз саясий декларациялар менен гана чектелбестен, турмуштук практикага айланып баратат. Бул – биз үчүн сыймык", – деп белгиледи.

Иш-чарага түрк мамлекеттеринин тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жогорку өкүлдөрү катышты.

Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Башкы катчылыгынын персонал боюнча башкы директору жана принциптер боюнча жетекчиси Билал Шентүрк;

Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик экзамен борборунун төрага орун басары Бахром Халилов;

Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясынын ректору Жасур Салихов;

Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Бекиш Улан;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Калчакеева Айгүл Муратовна катышты.

Жолугушууда төмөнкү негизги темалар кеңири талкууланды:

  • Түрк тилдүү өлкөлөрдө мамлекеттик кадр системасын өнүктүрүү жана реформалоо;
  • Заманбап кадрдык саясаттын артыкчылыктары жана жаңы моделдери;
  • Санариптик технологияларды мамлекеттик башкаруу жана кадрлар системасына интеграциялоо;
  • Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, кайра даярдоо жана үзгүлтүксүз өнүктүрүү;
  • Тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу;
  • Академиялык жана илимий мекемелер менен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү, кадрлар резервин түзүү жана өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишишти.

Бул жолугушуу түрк мамлекеттеринин адам ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү өз ара байланыштарын чыңдоого, регионалдык интеграцияны тереңдетүүгө жана кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.