
Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүүнү сунуштоодо
Тагыраагы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана анын биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына карата Жогорку Кеңеште уюштурулган салтанаттуу иш-чара учурунда мамлекеттик гимнге байланышкан пикирин билдирди.
“Гимн - мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Тагыраагы, беш жаштан токсон жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл”, – деди Төрага Нурланбек Шакиев.
Муну менен катар башка өлкөлөрдүн мамлекеттик гимндерин да мисал кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети толук алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан, эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет”, – деди.
Ошондой эле текстин иштеп чыгууда коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрүн билдирди.