Бишкектин айрым аймактарында 1-апрелде таза суу жок болот
www
30 март

Бишкектин айрым аймактарында 1-апрелде таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы:
-Лермонтов көчөсү – Ауэзов көчөсү – Ш. Баатыр көчөсү – Көлбаев көчөсү, ЖЭБ–Токмок каналы;
-Аламүдүн кичи району, Куруучулар шаарчасы.

Өчүрүү «Каджисай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.