Ош мэриясы
4 май
Жолдун туурасы 26 метрге чейин кеңейтилет. Оштогу Санкт-Петербург көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги астында Санкт-Петербург көчөсүндө биринчи катмар асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолдун жалпы узундугу 2040 метрди түзүп, туурасы 26 метрге чейин кеңейтилет. Ал эми Мамыров көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 880 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.
Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин жүрүшүндө кызыл сызыкка чыгып, жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон курулуштар менчик ээлери тарабынан алынып, электр мамычалары менен газ түтүктөрү коопсуз аралыкты сактоо максатында ичкери жылдырылган.
Санкт-Петербург көчөсү жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
