Сүрөт ачык булактардан алынды
8 сентябрь
Комитет Алмаз Имангазиевди эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 8-сентябрдагы Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү үчүн Имангазиев Алмаз Кулубековичтин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө маселе каралды.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында комитет Алмаз Имангазиевди Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
