«Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Өзгөн районуна иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб, Кызыл-Октябрь жана Кароол айыл аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү.
Анда аймактардын социалдык-экономикалык абалы талкууланып, жер тилкелерин бөлүштүрүү, таза суу менен камсыздоо, дарыгерлердин жетишсиздиги, тез жардам унаасынын жоктугу жана жаңы мектеп куруу сыяктуу бир катар орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Ошондой эле Куршаб айылындагы базардан чыккан өрттөн улам ишкерлердин товарлары күйүп кетип, көпчүлүгү чыгымга учураганын, ага байланыштуу насыяларды төлөөдө кыйынчылыктар жаралып, кырсыкка эч ким жоопкерчилик албай жатканы белгиленди.
Эл өкүлү аталган маселе боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин атайын эсеп ачып, коомдук колдоо катары каражат чогултууну сунуштады жана буга өзү алгачкылардан болуп жардам көрсөтөрүн билдирди.
Мындан тышкары өлкөдө жүрүп жаткан ири долбоорлор тууралуу да учкай кеп кылган депутат Улугбек Ормонов Өзгөн шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан заманбап стадион колдонууга берилсе, жаштарды сергек жашоого үндөп, спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон жайга айланарын айтты. Аталган стадиондун ачылыш аземи 29-августка белгиленген.
Муну менен катар элдин кайрылуусу менен сугат сууга болгон тарифтер төмөндөп, суткалык суу акысы 7000 сомдон 5000 сомго түшүрүлгөнүн да маалымдады.
