2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталган
20 январь

2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталган

2025-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагында 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу 19-январда ИИМ ЖКККББнын былтыр аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган кеңешмеде айтылды. 

Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан:

  • айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан,
  • жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыктан,
  • жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендиктен,
  • автоунааны мас абалында айдагандыктан,
  • жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн,
  • жол белгилерине баш ийбегендиктен,
  • аралыкты сактабагандыктан.

Жыйындын жыйынтыгында кызматта кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы коюлуп, бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.