Токмокто бөтөлкөлөшүнүн көкүрөгүнө бычак сайган шектүү кармалды
Чүй облусунда бычак менен жаракат келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.
Билдирүүдө айтылгандай, 2026-жылдын 18-мартында Токмок ШИИБине Токмок шаары, Ленин көчөсү дарегинде жаран бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, тергөө-ыкчам тобу көрсөтүлгөн дарекке чыккан.
Окуя болгон жерге барганда 2026-жылдын 18-мартында саат болжол менен 14:00 чамасында чыккан оозеки жаңжалдын натыйжасында 1976-жылы туулган Д.В. аттуу жаран ашкана бычагы менен 1986-жылы туулган С.А. аттуу өзүнүн ичип отурган шеригинин көкүрөк бөлүгүнө сайып жибергени аныкталган. Андан кийин Д.В. окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Алган жаракатынан улам С.А. Токмок шаарынын ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде ("Ден соолукка оор залал келтирүү") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, андан соң 1976-жылы туулган Д.В. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Токмок шаарынын ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул факты боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери улантылууда.
