Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан 5 млн сом өлчөмүндөгү мыйзам бузуу аныкталды
-
2020-жылы Чүй облусунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жана башка адамдардын пайдасына 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндөгү акчаны негизсиз түрдө «В» ЖЧКсынын эсебине которууга шарт түзгөн факт аныкталган. Каражат келишимге ылайык айылдардын биринде спорт аянтчасын куруу үчүн бөлүнгөн.
-
Бирок, подрядчы катары көрсөтүлгөн «Б» ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери толук аткарылган эмес. Натыйжада, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат мыйзамсыз өздөштүрүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
-
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.
-
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 000 000 сомду түзөрү аныкталды. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран (подрядчы) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
-
Учурда тергөө иштери уланууда. Жыйынтыгы менен кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык чечим кабыл алынат.
