Баткен жана Фергана облустарынын башчылары кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жолукту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-июлда Шахимардан аймагында өттү.
Тараптар эки облустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Алгач эки өлкө президенттери кол койгон эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жетишилген макулдашуулардын негизинде Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программаны («Жол картасы») жаңылоо жана ага кызматташуунун жаңы багыттарын киргизүү тууралуу макулдашышты.
Өзгөчө туризм тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга көңүл бурулду. Тактап айтканда, Өзбекстандын Шахимардан жана Кыргызстандын Дугаба эс алуу аймактарын эркин туристтик аймак катары өнүктүрүү, ошондой эле эки облустун чек арасындагы өткөрүү пункттарында жарандардын өтүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери каралып, тиешелүү макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана импорттоо үчүн муздаткыч логистикалык борборлорду куруу, жайыттарды жана башка маселелерди натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.
Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймактарында алмашылуучу айылдардын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, аларды көчүрүү, мулктүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен жумушчу комиссиясынын ишине көмөктөшүү жана биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүштү.
Жолугушууга күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чектеш район жана шаарлардын башчыларыда катышты.
