Чүй облусунда интернет-алдамчылык жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу рейди учурунда дроппер кармалды
2026-жылдын 11-февралында Аламүдүн РИИБге 1963-жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, «Небесный Виктор Сергеевич» деген ник менен иштеген кылмышкерлер интернет-мессенджерлер аркылуу аны ишендирип, алдамчылык жолу менен акча котордуруп, 92 214 АКШ долларлык зыян келтиришкен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 2025-жылдын 4-ноябрынан 30-декабрына чейин жабырлануучу «М-банк» мобилдик тиркемеси аркылуу төмөнкү суммадагы акчаларды которгон: С.Н. аттуу жаранга – 3 045 500 сом, И.И. аттуу жаранга – 3 197 292 сом, ошондой эле башка белгисиз адамдардын эсептерине. Жалпы которулган сумма 8 млн сомдон ашкан.
Интернет-алдамчылык жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу рейди учурунда милиция кызматкерлери тарабынан, 1984-жылы туулган С.Н. аттуу жаран, көрсөтүлгөн эсептердин биринин ээси, шектүү катары аныкталды.
Тергөөдө аныкталгандай, С.Н. үчүнчү жактарга өзүнүн банкттык эсептерине жана электрондук төлөм каражаттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, ал аркылуу чоң суммадагы зыян келтирген мыйзамсыз аракеттер жасалган. Ал эми, 2025-жылдын апрель айында С.Н. социалдык тармактагы жарнаманы көрүп, «юрист» деп таанышкан белгисиз адам менен байланышкан. «Курьер» болуп иштөөгө алданып, банкттык тиркемелерине жана криптокапчыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген.
Андан ары анын эсептерине ар кандай адамдардан акча түшүп турган, ал акчаларды куратордун көрсөтмөсү менен үчүнчү жактардын эсептерине которуп, өзү аз өлчөмдө сыйлык алган.
2026-жылдын 16-мартында Аламүдүн РИИБге 1962-жылы туулган Е.С. аттуу жаран да ушундай эле арыз менен кайрылып, ага 41 000 сомдук материалдык зыян келтирилгенин билдирген. Бул фактка да С.Н. тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1984-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
