www
18 март
УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду
УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматка ылайык, КР УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке материалдык кызыкчылыктарын арттырып келишкендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.
