Жылдан жылга аутизмге чалдыккан балдар көбөйүүдө, депутат чоңураак реабилитациялык борборлорду курууну сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев Баткен облусунда ДЦП, аутизм менен жабыркаган балдардын саны өсүп жаткандыктан, реабилитациялык борборлордо орун жетишсиздиги жаралгандыгын билдирди.
Айтымында, мындай балдар үчүн реабилитациялык борборлор Баткен, Сүлүктү, Раззаков шаарларында жана Самаркандек айылында бар. Бирок баарынын имараттары чакан, орун чектелүү.
“Реабилитациялык борборлордун кызматына муктаж балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Сүлүктү шаарында эле ДЦП жана аутизм менен жабыркаган 150 бала бар экен. Аларга борборлорду кеңейтип ачып беришибиз керек. Раззаков шаарында мурдагы Салык кызматынын имараты, Сүлүктү шаарында мурдагы кургак учук ооруканасы бош турат, ушуларды балдардын керектөөсүнө арнайлы”, – деди депутат.
Ал өзгөчө балдар туш келген жагдай – медициналык жана социалдык олуттуу көйгөй экенин кошумчалады.
