Эки жаранга 6 миң сом айып салынды. Лейлекте «Арсенал» операциясы уланууда
20 январь

Эки жаранга 6 миң сом айып салынды. Лейлекте «Арсенал» операциясы уланууда

Лейлек районунда «Арсенал» аталыштагы алдын алуу иш-чарасы уланууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Лейлек айыл аймагында, Катраң, Өзгөрүш айылдарында лицензиялык-уруксат берүү тутумунда каттоодо турган ок атуучу куралы бар жарандардын куралдарын сактоо абалы жана уруксат кагаздары текшерилүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курал сактоо эрежелерин бузган 2 жаранга КР мыйзамдарынын 133-беренесинин негизинде 2 протокол түзүлүп, жалпы 6 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле, Лейлек РИИБге ар бир текшерилген атуулдарга, профилактикалык каттоодо турган мергенчилерге кылмыштуулукту, укук буузуларды, элдин коопсуздугун алдын алуу максатында жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.