www
30 июнь
Кыргызстанда башкы прокурор алмашты
Башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Асаналиев Максат Кубатовичтин берген арызына ылайык кызматтан кетүүсү кабыл алынды.
Жогоруда көрсөтүлгөн арыз Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.
