Аманова: Үй салууга жер жоктугунан, 3-4 үй-бүлө бир үйдө жашап, ажырашуулар орун алууда
18 март

Аманова: Үй салууга жер жоктугунан, 3-4 үй-бүлө бир үйдө жашап, ажырашуулар орун алууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова аймактарда элге жер тилкелери бөлүнүп берилбегендиктен, бул үй-бүлөлүк абалга, алтурмак ажырашуулардын көбөйүшүнө да таасирин тийгизип жатканын билдирди. 

Айтымында, жакында Кадамжай районундагы шайлоочулар менен жолугушкан жана анда эң көп айтылган маселе так ушул жер тилкесине байланыштуу болгон. 

“Жер тилкелери жетишпей жатат. Калктын саны болсо өсүүдө. Көп жарандар 3-4 үй-бүлө биригип, бир үйдө жашоого аргасыз. Бул ар кандай үй-бүлөлүк чатактардын чыгышына өбөлгө болуп, ажырашып кеткендер да бар. Жерге муктаж үй-бүлөлөргө 4-5 сотыхтан болсо да жер бөлүнүп берилсе”, –деди депутат. 

Аманованын айтымында, аталган райондун Үч-Коргон –Доорот-Коргон жолу оңдолуп жатат, анын узундугу 117 чакырымды түзөт. Бирок бул курулуш жашоочулардын тынчын алууда. Анткени, Майдан айыл өкмөтүнүн тушундагы жолду кеңейтүүдөн улам жол боюндагы айрым үйлөр сноско туура келет. 

“Адамдар кабатыр болуп жатышат. Ушул маселени тактап берсеңиз”, – деди ал президенттин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып.