Кыргызстан боюнча интернет байланышы жок болгону 19 айыл бар
18 март

Кыргызстан боюнча интернет байланышы жок болгону 19 айыл бар

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Кыргызстан аймагынын дээрлик 95%ы интернет менен, анын ичинде мобилдик байланыш менен да камсыз болгонун билдирди.

Анын айтымында, эки жыл мурда болжол менен 200гө жакын калктуу пункт интернетсиз болсо, азыр мындай айылдардын саны болгону 19га чейин кыскарган. Негизги себеп электр энергиясынын жоктугу.

«Эң акыркы калктуу пункт — Зардалы. Бул жерде өзгөчө учур болгон: алгач мобилдик байланыш жеткирилген, андан кийин гана электр энергиясы жана жол курулган», — деп түшүндүрдү министр.

Ал ошондой эле электр энергиясы бар бардык аймактарда мобилдик байланыш жана интернет толук камсыздалганын кошумчалады.