Министрлер кабинети
4 август
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтөт.
Күн тартибине ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары байкоочу өлкөлөрдүн катышуусунда 15тен ашуун маселени карашат.
