Кыргызстан ДССУнун регионалдык платформасында: саламаттык сактоодогу этика жана жасалма интеллект
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева Мальтада өткөн «Саламаттык сактоо жана кам көрүү үчүн жасалма интеллект: дени сак келечек үчүн практикалык чечимдер» аттуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жогорку деңгээлдеги пленардык жыйынында Кыргызстанды атынан катышты.
Иш-чараны ДССУнун Европа регионалдык бюросу уюштуруп, анда Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулушту. Жыйында саламаттык сактоо тутумуна жасалма интеллектти киргизүүнүн практикалык жолдору, этика маселелери, маалыматтарды башкаруу жана эл аралык кызматташуу талкууланды.
«Саламаттык сактоодо ЖИни жоопкерчиликтүү колдонууга карай жол: этика, башкаруу жана регионалдык кызматташуу» темасына арналган пленардык отурумда Нургүл Аднаева саламаттык сактоо тармагында санариптик чечимдерди киргизүү жана жасалма интеллекти өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын улуттук тажрыйбасын сунуштады. Өз сөзүндө ал ЖИни этикалык жана коопсуз колдонуунун маанилүүлүгүн, жарандардын жеке маалыматтарын коргоону, ошондой эле медициналык кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.
«Саламаттык сактоодо жасалма интеллекти өнүктүрүү этикалык принциптерге негизденип, бейтаптын укуктарын коргоого жана дарыгердин ролун күчөткөнгө багытталышы керек, аны алмаштырууга эмес», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин ишке ашыруу өзгөчө белгиленип, анда саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллекти колдонууга байланыштуу укуктук негиздер алгач ирет мыйзам деңгээлинде түзүлүүдө.
Аткарылып жаткан иш-аракеттер алгоритмдердин ачыктыгын камсыздоого, дискриминацияга жол бербөөгө, жеке медициналык маалыматтарды коргоого жана ЖИ колдонулган чечимдерде жоопкерчилик механизмдерин киргизүүгө багытталган. Кыргызстан этикалык аспекттерди санариптик трансформациянын ажырагыс бөлүгү катары карап, технологияларды саламаттык сактоодо коопсуз, адамга багытталган жана адилеттүү колдонуу принциптерин карманат.
