Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолун асфальттоо иштери башталды
Транспорт министрлиги
15 май

Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолун асфальттоо иштери башталды

Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө.

Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.

Азыркы тапта жумуштардын эң татаал бөлүгү деп эсептелген 7 чакырымдык тилкеде жер кыртышын даярдоо иштери аткарылууда.

Курулушту подрядчы компания жүргүзүп, техникалык талаптар жана жол курулушунун сапаты министрликтин көзөмөлүндө.