Бишкек мэриясы "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы мыйзамсыз курулушту демонтаждоо иштерин баштады
23 февраль

Бишкек мэриясы "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы мыйзамсыз курулушту демонтаждоо иштерин баштады

Бишкекте бүгүн, 23-февралда «Айчүрөк» ЦУМунун жанында жайгашкан конструкцияны демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буга чейин компанияга конструкцияны өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн убакыт берилгенин, бирок алар  тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн белгиледи.

«Эгерде компания бир күндүн ичинде демонтаждалган конструкцияларды алып кетпесе, алар Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын айып короосуна жөнөтүлөт», — деп баса белгиледи калаа башчысы.

Мындан тышкары, мэр Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына фонтандык конструкциянын жаңыланган долбоорун даярдоону тапшырды. Объектти модернизациялап, аны кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн эскизди ыкчам түрдө сунуштоо милдети коюлду.

Белгилеп кетсек, демонтаждоо иштерин  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүүдө. Шаардык кызматтардын жетекчилерине иштерди жүргүзүү учурунда кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 2026-жылдын 19-февралында мэр Айбек Жунушалиев шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен бирге Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерип чыгып, эгерде компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда шаардык кызматтар тартыларын белгилеген.