Бишкекте бир ууч адамдын айынан 53 үй-бүлө үйсүз калышы мүмкүн, – депутат чечкиндүү чара көрүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Бишкектеги Красный строитель калктуу конушундагы абал тууралуу билдирди.
Айтымында, аталган калктуу конушта 200дөн ашуун адамдан турган 53 үй-бүлөнү 25 жылдан бери жашап жаткан үйлөрүнөн чыгаруу аракети көрүлүүдө.
“2024-жылдан бери ушундай абалда жашап жатышат. Кирпич заводунун мурдагы ээлери 53 үй-бүлөнү куугунтуктап, тынчтык бербей жатышат. Финансы министрлигинин атайын администрациясынын Кубанычбек Сулайманов деген кызматкери бар экен, ал ар кандай сөздөрдү айтып жашоочуларды коркутуп жатыптыр. Ушул ишти президенттин көзөмөлүнө алдырып бериңиздер. АТРдин, мунапыстын алкагында, 53 үй-бүлөнү коргоого алыңыздар”, – деди депутат.
Ошондой эле ал мында айрым топтордун кызыкчылыгы болуп жатканын, анткени бир ууч адам жашоочулардын үйлөрүн буздурууга ниеттенгенин белгиледи.
“Жергиликтүү бийлик “атаңа бар, энеңе бар” деген мамиле колдонуп жатышат. Бишкек мэриясы конкреттүү иш жүргүзө албай турат. Бул боюнча прокуратурада иш козголгон, ал эмне болуп бүттү, билип бериңиздер. Азыр кызыкдар тараптын эмес, элдин кызыкчылыгын ойлоо керек”, – деп депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
