Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды
КР Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралда өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.
