Даун балдардын көйгөйү: депутат алардын мектепке баруусун камсыз кылууга чакырды
21-март Даун балдардын эл аралык күнү. Бул датага карата Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев даун балдарга байланышкан маселени көтөрдү.
Айтымында, Кыргызстанда мындай балдардын айрымдарына персоналдык стенд берилбейт.
“Даун – бул генетикалык оору. Стенд бирөөгө берилет, бирөөгө берилбейт, эмнеге? Экинчи маселе – даун балдарды мектепке алышпайт. Мектеп – бул бир гана билим берүү эмес, бул социалдаштыруу”, – деди.
Ал бул боюнча Агартуу жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берүүнү сунуштады.
