Минскиде кыргыз-беларусь кызматташтыгы талкууланды
18 июль

Минскиде кыргыз-беларусь кызматташтыгы талкууланды

Беларусь Республикасынын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки тараптуу деңгээлде да, КМШ жана ЕАЭБ өкмөт башчыларынын 2025-жылдын сентябрынын аягына пландаштырылган жолугушууларынын алкагында боло турган иш-чараларга даярдыктарды кеңири талкуулашты.