ТИМ: Испаниядагы ири поезд кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
2026-жылдын 18-январында Испаниянын түштүгүндө, Адамус калктуу конушунун аймагында эки жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен алдын ала маалыматтарга ылайык, кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.
КР ТИМден кабарлашкандай, Испаниянын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматына ылайык, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган жок. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Франция Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар жана өтүнүчтөр түшкөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Элчилиги Испания Королдугунун компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат.
