Иш бөлмөлөр чаң басып, желе каптап... Базар-Коргондогу айыл өкмөт имараттарын оңдоого 3 күн берилди
18 июль

Иш бөлмөлөр чаң басып, желе каптап... Базар-Коргондогу айыл өкмөт имараттарын оңдоого 3 күн берилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев Базар-Коргон районунун Акман жана Кеңеш айыл аймагындагы жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы жана имараттарындагы санитардык жана уюштуруу абалы менен жеринде таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айыл өкмөт имараттарынын кароосуз калгандыгы, тазалыктын сакталбагандыгы аныкталды. Иш бөлмөлөр чаң басып, желе каптап, канаттуулар уя салып алган учурлар да кездешти. Кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттары түзүлбөгөн. Айрым каттар мөөнөтүнөн кеч аткарылып жатканы байкалса, жетекчилик тарабынан жетиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду.

Мындан сырткары, айыл өкмөт имараттарынын айланасы тазаланбаган, бак-дарактардын куураган абалы, талапка жооп бербеген көрнөк-жарнамалардын имараттын маңдай бетинде илинип турганы аныкталды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Урматбек Самаев тиешелүү жетекчилерге кемчиликтерди белгилеп, үч күндүк мөөнөттө жөнгө салууну тапшырды.