Жээнбек Кулубаев жумушчу сапары менен Швейцарияга барат
23 февраль

Жээнбек Кулубаев жумушчу сапары менен Швейцарияга барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-24-февраль күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегменттерине жана Куралсыздануу боюнча конференцияга катышуу үчүн Швейцария Конфедерациясына иш сапары менен барат.

Женева шаарында өтүүчү негизги иш-чараларга катышуу Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык жана аймактык түзүмдөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын жана демилгелерин илгерилетүүгө багытталган.

Сапардын алкагында министр Кулубаевдин Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы И.Кассис менен, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөрү пландалууда.